Абылгазиев «ИИМди карасанатай кызматкерлерден тазалоону» тапшырды

Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кылмыштарды жаап-жашырган «карасанатай жана кесипкөй эмес кызматкерлерге» милицияда орун жоктугун билдирди.

Өкмөт башчысы билдиргендей, Ички иштер министрлигинде шашылыш түрдө кадрдык саясат боюнча чараларды көрүү керек.

«Өз катарын милициянын беделин бузган, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек», — деп айтылат өкмөт башчысынын билдирүүсүндө.

Абылгазиевдин айтымында, бийлик «инновациялык чечимдерди киргизип, милициянын техникалык жабдуусун жакшыртууда», бирок укук коргоо органдары жарандардын ишенимин кайтарыш үчүн иштеши керек.

«Кадыр-баркынын төмөндүгү жана укук коргоо органдарын башкаруудагы белгилүү бир кризис Ички иштер министрлигинин жетекчилигине милицияны реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө дем бериши керек. [...] Укук коргоо тутумунда кызматкерлерди ак ниет жана чынчыл иштөөгө, мыйзамды карманууга жана адам укуктарын катуу сактоого дем берген чечимдерди иштеп чыгуу зарыл.», — деди өкмөт башчысы.

Премьер-министр бул билдирүүнү 28-августта Бишкекте орун алган аёсуз мушташка байланыштуу коомчулуктун укук коргоо органдарынын дарегине айткан сынынын шартында жасады.

Анда чыр чыккан жерге келген милиционерлер мушташтын эки катышуучусун кармап, андан кийин кайра коё берип салышкан. Шектүү кишилер жашынып, андан кийин издөөгө алынышкан.

ИИМде милиционерлерге карата ички иликтөө башталган. Кийинчерээк качып жүргөн кишилердин агасы Чүй ОИИББнин майору болуп иштеп жүргөну белгилүү болгон. Тергөөнүн жүрүшүнүн натыйжасында, ал милициядагы жумушунан бошотулган, ал эми мушташкандары коё берген милиционерлерди кылмышты жаап-жашырууга айыпташкан.

Милиция мушташтын жашырынып жүргөн катышуучуларын бир аптага чукул издеп, бирок 6-сентябрда шектүүлөр өз ыктыярлары менен бийликтин колуна түшүп беришкен. Алар ТИЗОго киргизилип, ал эми айыпталып жаткан милиционердер үй камагына чыгарылган.