ТИМ: Ирактан 70 баланы кайтарып келүү пландалууда

Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 10-сентябрда билдирди. Ал кыргызстандыктарды кайтаруу процессин «жөнөкөй эмес» деп атап, аны бир күндө «чечип коюу мүмкүн эмес» деп кошумчалады.

«Өкмөт чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого терең көңүл буруп жатып, ушул маселеге жетти. Бул жерде каржылоо, Кыргызстанга кайтаруу, бошотуу, улутун тактоо жана башка маселелер бар», — деп келтирет «Кабар» басылмасы Айдарбековдун айткандарын.

Тышкы саясий ведомствонун башчысынын айтымында, ата-энеси согуш талаасынын аймагында болуп калган балдарды кайтаруу жөнүндө сүйлөшүүлөр «ийгиликтүү аяктаган».

«Бүгүнкү күндө сөз Ирактан алып келинүүчү 70 бала тууралуу болууда. Бирок, балдардын акыркы тизмеси алардын ата-энесинин макулдугу менен жеринде бекитилет», — деди Айдарбеков.

Министр ошондой эле бийлик Сириянын өкмөтү менен да кыргызстандыктарды өлкөнүн аймагынан Кыргызстанга кайтаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканын кошумчалады.

ТИМдин басма сөз кызматынан балдардын ата-энелерин да Кыргызстанга кайтаруу пландалып жатабы же жокпу деген «Клооптун» суроосуна жооп бере алышкан жок.

Мурдараак активисттер өз күчтөрү менен Ирак жана Сириядан 150 эне-баланы мекенине кайтарууга даяр экендигин билдиришкен болчу. Ошондой эле активисттер аларды реабилитациялоого жардам берүүнү убада кылышкан.

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, Сирияга 800гө чамалуу кыргызстандык кеткен — алардын бир бөлүгү каза тапкан деп эсептелет, бирок аман калган аялдар менен балдар тууралуу белгилүү. Алар Сирия жана Иракта качкындар үчүн лагерлерге бөлүштүрүлгөн, бирок алардын так саны белгисиз.