«Атамбаевсиз КСДП»: Атамбаевдин тарапташтары партиядан чыгарылды

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахманов 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяга катышкан депутаттар партиядан чыгарылганын «Азаттыкка» билдирди .

Анда күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алышкан. Атамбаевдин тарапкерлери аларга каршылык көрсөтүшкөн. Штурм учурунда бир спецназчы жана 100гө чукул адам жабыр тарткан.

Абдрахмановдун айтымында, Атамбаевдин тарапкерлерин партиянын катарынан чыгаруу чечими саясий кеңештин жыйынында кабыл алынган.

«Бирөөдөн өч алалы же бирөөгө жамандык кылалы, чыгаралы деген ой жок болчу. [...] Кой-Таштагы кандуу окуяга Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка мүчөлөрү катышып калышкан. КСДПнын катарынан депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова, Мурадыл Мадеминов жана Анвар Артыков бир добуштан чыгарылды», — деди ал.

Абдрахманов аларды партиядан чыгаруу тууралуу протоколдор БШКга жана парламентке берилээрин кошумчалады, анткени «партиядан, фракциядан чыгарылсын жана Жогорку Кеңештин дептаттарын чакыртып алыш керек» деген чечим чыккан.

КСДПнын төраймынын орун басары Кундуз Жолдубаева Абдрахмановдун билдирүүсүн «сандырак» деп атады.

«Сагынбек Абдрахманов өзү ким? Биз бир жылдан бери анын партияга эч кандай тиешеси жоктугун, ал артында КСДПны рейдерлик менен басып алууга кызыктар күчтөр турган адам экенин айтып келебиз», — деди Жолдубаева.

Анын айтымында, Абдрахманов өзү 2017-жылы эле КСДПдан чыгарылган. Буга анын президенттикке бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү жөнүндө саясий кеңештин чечимине каршы болуп койгону себеп болгон.

«Абдрахманов — жөн гана саясий буйруктун аткаруучусу [...] Бир жылдан бери эле болбогон билдирүүлөрдү жасап келет [...] Бул эми сандырак да. Мисалы, бул мен азыр чогулуш кылып, “Ата-Мекен” партиясынан Өмүрбек Текебаевди чыгарып салдым деп айткандай эле нерсе болуп жатпайбы», — деп кошумчалады Жолдубаева.

КСДП vs. «Атамбаевсиз КСДП»

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында 2018-жылдын ортосунда пайда болгон.

Апрель айында Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлигинин маалымат базасындагы КСДПнын жетекчилигинен жоголуп кеткен — аны Сагынбек Абдрахманов жазылып калган. Абдрахманов Атамбаевден өзүнө партиянын уставын, мөөрүн жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Юстиция министрлигинин базасында жетекчинин ысымы алмашып кеткендигине байланыштуу иликтөө баштаган.

Атамбаев жана Жээнбековдун араздашуусу өлкөнүн эң ири партиясын ыдыроого алып келген. КСДП өзүн учурдагы бийликтин оппозициясы деп жарыялаган, бирок фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдошот.