КСДП «Форумдагы» кеңселери үчүн Аскер прокуратурасы менен жаңжалдашууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө күч органдарына бир нече күн катуу каршылык көрсөтүп, жыйынтыгында бийликтин колуна түшүп бергенден кийин мүлктөрү камакка алынган. Тизмеде «Форум» имараты да бар. Бул имаратта КСДП партиясынын, «Апрель» жана «7-канал» телеканалдарынын кеңселери жайгашкан.

Бирок ага карабастан имаратта башка ижарачылар иштеп жатышат. Мисалы, «Европа плюс» жана «Ретро ФМ» радиостанциялары менен «Я» телеканалы.

Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү жана КСДПнын мүчөлөрү 2-сентябрда партиянын «Форумдагы» кеңселерине кирүүгө аракет кылышканы менен аларды ал жакка киргизбей коюшту. Алар Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылышып, баш тартууларды «бийликтин саясий бирикмени түрдүү ыкмалар менен жок кылууга жасаган аракети» деп аташты.

Парламенттин депутаты жана Алмазбек Атамбаевдин тарапкери Ирина Карамушкина 11-сентябрда аскер прокурору Нуркамал Набиев менен жолугушту. Жолугушуудан кийин ал имаратка киргизбөө жөнүндө берген арыздарын Аскер прокуратурасы 19 күндүн ичинде карамакчы болгонун билдирди.

Карамушкинанын айтымында, Атамбаевдин тарапташтары партиянын кеңселерине киргизүүнү өтүнүшкөндө, Аскер прокуратурасы «чыдап турууну» суранган. «Бизден, Кыргызстандын саясий партиясынан расмий кеңсени алып коюшту, ошону менен саясий партиялар тууралуу мыйзамды бузушту», — деди ал.

Карамушкина Аскер прокуратурасынын жообун 22-сентябрга чейин күтүүгө, ал эми эгер аларга КСДПнын кеңселерине кирүүгө уруксат беришпесе мекеменин имаратынын алдында штаб түзүүгө даяр экенин билдирди.

Бирок буга чейин Карамушкина «Форум» имаратын камакка алуу партиянын ишине таасир этпейт деп айткан болчу. Ал учурда депутат бийлик КСДПнын кеңсесин «камакка ала албайт» деген.