УКМК мушташкандарды коё берген мурдагы милиция кызматкерин кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы милициянын мурдагы кызматкери 10-сентябрда кармалганын маалымдады. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Мурдагы милиционерди 28-августта Бишкекте орун алган мушташуудан эки жума өткөндөн кийин кармашкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол күнү ал окуя болгон жерге келип «кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган». Мушташка катышкандардын бирөөсү анын иниси экендиги белгилүү болгон.

Буга чейин эки адамды сабоого шектелген эки киши өз эрктери менен милицияга келишкен. Укук коргоо органдары аларды бир жумадай издешкен. Алар ТИЗОго эки айга киргизилген.

ИИМ ички иликтөө иштерин өткөрүп, анын натыйжасында Ленин РИИБнин тергөө кызматынын башчысы менен тергөөчүсү кызматтарынан бошотулуп, ушул эле РИИБдин инспектору менен кезметчинин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Окуя болгон жерге келип, мушташка катышкандарды кармабай кетип калган эки милиционер тергөө абагына киргизилген.