Күндүн саны: «Коопсуз шаардын» алкагында адам жүзүн тааныган 800 камера орнотулган

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычында адам жүзүн таануу функциясы бар 800 видео байкоо камерасы орнотулган. Бул тууралуу 12-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Антикоррупциялык кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан белгилешкендей, Бишкектин аппараттык-программалык комплекстери орнотулган тилкелеринде жол кырсыктарынын саны дээрлик 46,9%, ал эми Чүй облусунда 50% азайган.

«Ушунун негизинде бул тилкелерде авариялуулук азайып жана жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны реалдуу түрдө гана кыскарбастан, коррупциянын алдын алуу, унаалардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруунун жакшырышы орун алды деп эсептейбиз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, өкмөт башчысы учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу иштери жүрүп жататканын кошумчалады. Ал республиканын бүткүл аймагын, 7 облусту, республикалык маанидеги эки шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, өлкөнүн 73 калктуу конушун камтыйт.

Жол кыймыл эрежелерин аныктоо боюнча «Коопсуз шаар» долбоору азырынча Бишкек жана Чүй облусунда гана иштеп жатат. Жол эрежесин бузуу үчүн штрафтар авто унаа ээлерине 2019-жылдын мартынан тарта жазылып бериле баштаган.