Карамушкина: БУУ КСДПнын кеңсесинин жана Атамбаевдин камалышына эл аралык баа берсин

Депутат Ирина Карамушкина парламенттин 12-сентябрындагы отурумунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышына, «Апрель» жана «7-канал» телеканалдарынын мүлктөрүнүн жана «Форум» имаратындагы КСДПнын кеңсесинин камакка алынышына баа берүү өтүнүчү менен БУУнун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ) өкүлдөрүнө кайрылды.

«КСДПнын кеңсеси жайгашкан “Медиафорум” имараты камакка коюлган. Эгер Алмазбек Атамбаевге саясий куугунтук жүрүп жаткан болсо, анда бул партия ишин токтотушу керек дегенди билдирбейт да», — деди Карамушкина.

Анын айтымында, саясий партиялар тууралуу мыйзамга ылайык, саясий партиялардын ишмердигине мамлекеттик органдар менен кызматтагы адамдардын кийгилишүүсүнө жол берилбейт.

Карамушкина «Апрель» жана «7-канал» телеканалдарынын «Медиафорумда» жайгашкан мүлктөрүн камакка алууну да «ЖМКларды саясий куугунтукка алуу» деп атады.

Мурдарак Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү менен КСДПнын мүчөлөрү партиянын кеңсесине кире албай жатабыз деп Аскер прокуратурасына арызданышкан. Социал-демократтар муну «бийликтин саясий бирикмени түрдүү ыкмалар менен жок кылууга жасаган аракети» деп аташкан. Ирина Карамушкинанын айтымында, Аскер прокуратурасы алардын берген арызын 19 күндүн ичинде кароону убада кылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө күч органдарына бир нече күн катуу каршылык көрсөтүп, жыйынтыгында 8-августта бийликтин колуна түшүп берип, мүлктөрү камакка алынган. Тизмеде «Форум» имараты да бар. Бул имаратта КСДП партиясынын, «Апрель» жана «7-канал» телеканалдарынын кеңселери жайгашкан.

Атамбаев өзү бир нече иш, ошондой эле коррупцияга байланыштуу иш боюнча тергөөгө алынган. Ал УКМКнын тергөө абагында 26-октябрга чейин калтырылган. Ал мураскери Сооронбай Жээнбеков менен араздашуунун натыйжасында кармалган.