КСДПнын кеңсесинен документ жана компьютерлерди чыгарып жатышат — Жолдубаева

КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева 12-сентябрда Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү «Форум» имаратында жайгашкан партиянын кеңсенинен документтер менен компьютерлерди чыгарып кетип жатышканын кабарлады.

Жолдубаеванын айтымында, Аскер прокуратурасы «ушундай процессуалдык аракеттер» тууралуу партиянын мүчөлөрүнө эскертишкен эмес.

«Клооптун» журналисттерине Аскер прокуратурасынан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Мурдарак Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү менен КСДПнын мүчөлөрү партиянын кеңсесине кире албай жатабыз деп Аскер прокуратурасына арызданышкан. Социал-демократтар муну «бийликтин саясий бирикмени түрдүү ыкмалар менен жок кылууга жасаган аракети» деп аташкан. Ирина Карамушкинанын айтымында, Аскер прокуратурасы алардын берген арызын 19 күндүн ичинде кароону убада кылган.

Депутат Ирина Карамушкина 12-сентябрда парламенттин отурумунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышына, «Апрель» жана «7-канал» телеканалдарынын мүлктөрүнүн жана «Форум» имаратындагы КСДПнын кеңсесинин камакка алынышына баа берүү өтүнүчү менен БУУнун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ) өкүлдөрүнө кайрылды.