Курсан Асанов Кой-Таш окуясын изилдөө боюнча жыйынга чакырылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Кой-Таш окуясын изилдөө боюнча мамкомиссиясынын жыйынына чакырылды. Асановдон тышкары, жыйынга экс-депутат Равшан Жээнбеков жана парламенттин депутаты Асел Кодуранова да чакырылган.

Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов коргоп аткан адамы канча жыйынга чакырылганын билбестигин айтты «Клоопко» курган маегинде. Анын айтымында, Асанов азырынча юридикалык жардам сурап кайрылган эмес.

Өкмөттөн кабарлашкандай, мамкомиссиянын мүчөлөрү эки топко бөлүнүшкөн — Кой-Таштагы окуянын «себеп-натыйжалаш байланыштарын изилдөө» жана «талдоо даярдоо» боюнча топтор. Эки топтун тең курамына депутаттар, министрлер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана эксперттер киришкен.

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча комиссия 29-августта өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен түзүлгөн. Аны жетектөөгө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дайындалып, курамына депутаттарды, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн, коомдук ишмерлерди жана эксперттерди кошуп сегиз адам кирген.

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Асановдун ИИМдеги кызматынан бошотулушу

Асановду ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасы боюнча «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн 13-августта ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотушкан. Министрликтен билдиришкендей, Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда «өзүн-өзү пиарлаган».

ИИМдин версиясы боюнча, Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдүн негизгисин дал ошол Кашкар Жунушалиев жүргүзгөн, ал эми Асанов болсо өзүнө ишенип берилген жерди таштап, тараптар макулдашып коюшкандан кийин Атамбаевди чыгарып кеткен.

Ошондой эле Асановду Атамбаевдин үйүнөн курал-жарактарды бардык процераларды бузуу менен алган жана тергөө аракеттерин камерага тарткан деп айыпташууда.

Кийинчерээк Асанов мурдагы президенттин үйүнөн кызгылт баштык чыгарып кеткендиги айтылган маалымат пайда болгон. Тергөөчүлөр анын үйүн тинтүүгө алышкан. Адвокаттын айтымында, тергөөчүлөр Асановдун үйүнөн мурдагы президенттин резиденциясынан чыгарып кеткен делген ыктымал документтер менен акчаларды издешкен.

Асанов ИИМ тарабынан өз дарегине коюлуп жаткан айыптарга макул эместигин айтып чыккан. Анын айтымында, ал өзүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттикинен өйдө койгон эмес жана өз милдетин аткарган. Ал пара алуу боюнча айыптоолорду да төгүнгө чыгарган.

ИИМдин башчысынын орун басарлык кызматына Куррсан Асановдун Памирбек Асанов дайындалган. Кийинчерээк жаңы орун басар Искендер Матраимовдун тууганы экени белгилүү болгон. Коомдо Матраимовдордун үй-бүлөсүнө чоң көңүл бурулат, ал эми Атамбаевдин пикири боюнча, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн президент Сооронбай Жээнбековго таасири бар.