Мэрия электрондук жол жүрүү билетин сынай баштады. Ал кандай иштейт?

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы

Накталай эмес төлөө системасы үстүбүздөгү жылдын августунда эле эки транспорттук каттам боюнча сыноо тартибинде иштей баштаган — №8 автобус менен №14 троллейбуста. Системаны ишке киргизүү болжолдуу 700 миң долларга бааланууда.

Мэрия жол жүрүү картасын эки категорияга бөлгөн: жашылын мектеп окуучулары, кызылын — пенсонерлер жана майыптар колдонушат, ал эми калган жүргүнчүлөрдүн бардыгы көк түстөгү карталарды сатып алышат.

Мектеп окуучулары үчүн карта

Окуучу картаны өзү окуган мектептин администрациясынан сатып ала алат. Бул үчүн ал жакка мектептин номерин, аты-жөнүн, туулган жылын билдирип, сүрөтүн тиркеши керек. Андан кийин бул маалыматтардын бардыгы Бишкек мэриясына караштуу маалымат базасында сакталмакчы.

Жол жүрүү картасынын баасы 50 сомду түзөт, бирок аны ай сайын 175 сомго толуктап туруш керек болот. Мектеп окуучусу бул баага коомдук транспорттордо бир айда чексиз жүрө алат.

Окуучу картаны окуу мезгилинде кандай колдонсо, каникул жана майрам күндөрү да ошондой эле колдоно берет. Картаны кийинки класска же башка мектепке өткөн учурда алмаштыруу керектелбейт.

Башка жүргүнчүлөргө арналган карталар

Жөнөкөй жүргүнчүлөр да картаны 50 сомго сатып ала алышат. Ошентсе да мэрия бир айда чексиз жол жүрүүнүн вариантын 495 сомго сунуштады.

Ошол эле кезде экинчи да вариант болот. Жүргүнчү эгер күнүгө коомдук транспортто жүрүүнү пландабаса картанын эсебин саналуу сапарлар үчүн гана толуктап алса болот.

Карталарды аялдамалардын жанындагы күркөлөрдөн жана сим карта сатуучу жайлардан сатып алса болот.