Бишкек: Жүргүнчүнү кууп чыккан троллейбустун айдоочусу жумуштан алынды

Окуя №11 троллейбуста болгон. Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы уруштун видеосу «Инстаграмга» чыгарылган.

Тасмадан коомдук транспорттун айдоочусу аялга «сасып жатасың» деп айтып жатканын көрүүгө болот. Жүргүнчү аял айдоочуну андай эмес деп ынандырууга аракет кылганы менен натыйжада троллейбустан чыгып кеткен.

https://www.instagram.com/p/B2b7dFZh7AH/

Троллейбус башкармалыгынын директорунун орун басары Мурат Уметов Kaktus Media басылмасына билдиргендей, окуяны иликтөө боюнча комиссиянын отурумунан кийин айдоочу кызматынан бошотулган.

«№11 троллейбусунун айдоочусу комиссияда башка жүргүнчүлөр ага улгайган аял “сасып жатат” деп даттанышкан, аландан троллейбустан чыгууга өтүнүүгө аргасыз болгонун айткан», — деп айтып берди Уметов.