Сот Сапар Исаковдун иши боюнча процессти токтото туруудан баш тартты

Свердлов райондук соту мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковдун адвокаттарына ЖЭБди жаңыртууга байланыштуу ишти териштирүүнү токтото туруудан баш тартып койду. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов Исаков судьядан «баш оорусуна байланыштуу өзүнө келип алууга» бир аз убакыт берүүнү суранганын билдирди.

«Эгер [Исаков] отурган болсо, анда ага айрым бир убакыттан кийин кайра туруп, кайра жатып турууга туура келет — ал үчүн сот процесстерине катышуу кыйын болуп жатат», — деди Токтакунов.

Врачтар Исаковго «баш оору жана баш айланууга алып барган моюн кан тамырларынын кысылышы» деген диагноз коюшкан. 16-августта ал УКМКнын ТИЗОсунан ооруканага жаткырылган.

Мурдагы премьер-министр кайра изоляторго 28-августта кайтарылган, бирок адвокаттары аны дарылоону улантуу керектигин айтышкан.

«Эгер аны жакшы дарылап бүтүрүшсө, анын абалы жакшырмак, бирок аны дарылап бүтүрбөстөн эле чыгарып жиберишкен. Дарыгерлердин консилиуму учурунда УКМКнын өкүлү [Исаковду чыгаргыла деп] көшөргөн», — деди Токтакунов.

Анын айтымында, алар кайрадан соттон Исаковду баш тартуу болгонуна карабастан дарыланууга бошотууну суранышат.

Мурдагы өкмөт башчысы 2018-жылы июнда Бишкек ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча кармалган — ал коррупция боюнча айыпталган. Ошондой эле Исаков Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча да айыпталуучу катары өтүп жатат.

Авторлошу: Камила Баймуратова