Жык толгон маршруткадагы баланын сүрөтү Кыргызстанда тартылган эмес — ЖКККББ

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан жык толгон машруттук таксидеги баланын сүрөтү Кыргызстанда тартылганын «Клоопко» төгүндөштү.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2848393231916001&set=a.674855229269823&type=3&theater

Социалдык тармактарда пайда болгон баланын сүрөтү колдонуучулардын арасында талкуу жараткан. Кээ бир колдонуучулар сүрөт Кантта тартылганын айтышкан. Терезеде маршрут чапталып турганы менен, сүрөттүн сапаты начар болгондуктан аны так көрүү мүмкүн эмес.

ЖКККББдан Кыргызстандагы маршруттук таксилердин бардыгын текшеришкенин жана алардын арасында 6 номер менен катталган машина жок экенин кабарлашты.

«Бизде техникалык көзөмөл боюнча аймактык бөлүмдөр бар [...] Алар Кыргызстандын аймагында мындай маршрут жок деп айтышууда», — деп билдиришти ЖКККББдан.

Ал жактан өлкөдө маршруттук таксилердин номерлеринин бардыгы бир орундуу сандан үч орундуу санга чейин экендигин кошумчалашты. Бир эле номерлүү коомдук транспорт Сокулук, Баткен жана Кант шаарларында гана жүрүшөт. Ал жакта маршруткалар 1,2,3 жана 4 номерлери менен бөлүштүрүлгөн.