Чек ара чырынан улам Максат айылынын 750дөн ашуун тургуну үйлөрүн таштап кетти — ЖМК

24.kg маалымат агенттиги Баткен облусундагы Лейлек районунун бийлигине таянып билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуп кеткендиктен, Максат айылынын 752 тургуну эвакуацияланган.

«130 киши Эски оочу айылынын мектептерине жайгаштырылды. Учурда Максат айылынын тургундары абалдын чыңалуусуна байланыштуу, өз үйлөрүн таштап келишүүдө», — деп келтирет басылма жергиликтүү аткаминерлердин айткандырын.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, бийлик расмий түрдө эвакуация иштерин жүргүзгөн эмес.

«Биз тараптан эвакуация боюнча иштер расмий түрдө жүргүзүлгөн эмес. Окуя болгон күнү, 16-сентябрь күнү кечинде коопсуздук максатында коңшу айылдарга, туугандарына чыгып кеткендер болгон», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Буга чейин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова ооруканалар менен мектептер кадимкидей эле тартипте иштеп атканын «Азаттыкка» билдирген.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-сентябрда курчуп кеткен. Ок атышуунун натыйжасында бир кыргыз аскери каза таап, дагы 13ү ар кандай деңгээлдеги жараатарды алышкан. 17-сентябрда жарадар болгон он адам учак менен Бишкекке жеткирилген.

Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышууда. Тажик тарап 12 адам жарадар болгонун кабарлаган, бирок кийинчерээк тажик ЖМКлары чыр-чатак учурунда өлкөнүн үч аскер кызматкери каза тапканын жазып чыгышкан.