КР ТИМи чек арадагы жаңжал боюнча тажик элчисине нота тапшырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-сентябрда маалымдагандай, Тажикстандын элчиси Сухроб Ходжа Алимзодага карышылык нотасы тапшырылган. Кыргыз тараптан тажик дипломаттары менен ТИМдин башчысынын биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жолугушкан.

ТИМ Тажикстандын чек ара кызматкерлеринин «укукка каршы аракеттерине чечкиндүү каршылыгын» билдирди.

Ниязалиев тажик тараптын курал «колдонууга жол бербеши керектигин» баса белгиледи.

«Аталган чыр-чатак тажик тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларынын тактала элек тилкесиде аскерий байкоо пунктун кура башташынын натыйжасы болуп калды. Ал кыргыз тарап менен макулдашуусуз башталган», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, тажик тараптын аракеттери үстүбүздөгү жылдын жайында чек ара маселелерин талкуулашкан эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун жолугушууларынын жүрүшүндө жетишилген «макулдашууларга дал келбейт».

Анткен менен тажик тарап чек арадагы кырдаал кыргыз аскерлеринин аракеттеринен улам оорчундап кеткенин кабарлаган. Тажикстандын УКМКсынын чек ара кызматкерлеринин маалыматына ылайык 16-сентябрь күнү кечинде «кыргызстандыктар мурда кол коюлган макулдашууларга карабастан белгисиз курулушту башташкан».

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-сентябрда курчуп кеткен. Ок атышуунун натыйжасында бир кыргыз аскери каза таап, дагы 13ү ар кандай деңгээлдеги жараатарды алышкан. 17-сентябрда жарадар болгон он адам учак менен Бишкекке жеткирилген.

Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышууда. Тажик тарап 12 адам жарадар болгонун кабарлаган, бирок кийинчерээк тажик ЖМКлары чыр-чатак учурунда өлкөнүн үч аскер кызматкери каза тапканын жазып чыгышкан.

Чыр-чыккан аймакка Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жөнөп кеткен, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме өткөргөн.