КРдин чек ара кызматы: Тажик тарап чек арага чектеш көзөмөл өткөрмө пункттарынын бирин убактылуу жапты

Мамлекеттик чек ара кызматынын кабарына ылайык, Баткен облусундагы «Кулунду-Автодорожный» көзөмөл өткөрмө пунктунан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүү убактылуу токтотулган. Бул чектөө башка өлкөлөрдүн жарандарына жайылтылбайт.

Кыргыз тараптын маалыматына ылайык, өткөрүү тажик бийлигинин демилгеси боюнча бир тараптуу тартипте жабылган.

Чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жалпысынан беш көзөмөл өткөрмө пункту жайгашкан. Калган төрт пункт мурдагыдай тартипте иштеп жатат.

Чектөө 16-сентябрь күнү кечинде Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыккан жаңжалдын шартында киргизилди.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 13 адам жарадар болгон. Тажик бийлиги болсо өз тарабынан 12 адам жабыркаганын кабарлаган.

Тажикстандын Asia-Plus басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып үч адам каза тапканын кабарлаган.