Премьер-министр Максат айылынын тургундары менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Абылгазиев билдиргендей, чек ара маселелерин чечүү жана чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочуларын колдоо «мамлекет үчүн өзгөчө көзөмөлдөгү артыкчылыктуу маселе болуп саналат».

«Биз бардык күчүбүздү чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыкта чечүүгө жумшайбыз», — деди өкмөт башчысы.

Анын айтымында, өкмөт «бардык талаштуу тилкелерди тезинен макулдашуу жана чек ара маселелерин чечүүдө болушунча оң жылыштарга жетишүү» үчүн мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди күчөтөт.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар «өкмөт адам курман болгондо гана реакция кылат» деп нааразы болушкан.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-августта курчуп кеткен. Атышуунун натыйжасында кыргыз аскери каза таап, дагы 13 адам ар кандай оор деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми 17-сентябрда жарадар болгон 17 адам учак менен Бишкекке жеткирилген.

Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышууда. Тажик тарап 12 адам жарадар болгонун кабарлаган, бирок кийинчерээк тажик ЖМКлары чыр-чатак учурунда өлкөнүн үч аскер кызматкери каза тапканын жазып чыгышкан.