Президент кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу кеңешме өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков менен жолугушту.

Жээнбековго Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу кабар беришти. Өлкө башчысы чыр-чатак башталгандан тарта «толук ыкчам маалымат» алып турганын билдирип, кырдаал мындан ары курчубашы керектигин кошумчалады. Ал жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керек», — деп билдирди ал.

Ошондой эле мамлекет башчысы каза тапкан аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

16-сентябрь күнү кечинде Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жердеги кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 13 адам жарадар болгон. Тажик бийлиги болсо өз тарабынан 12 адам жабыркаганын билдирген. Тажикстандын Asia-Plus басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып үч адам каза тапканын кабарлаган.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, куралды биринчи тажик тарап колдонгон. Бирок Тажикстандын УКМКсынын чек ара кызматы окту биринчи кыргыз тарап чыгарганын билдирген.