Кыргызстандын Аскер прокуратурасы чек ара чатагын иликтей баштады

Аскер прокуратурасы 18-сентябрда Кыргызсан менен Тажикстандын чек арасындагы атышууну иликтей баштады. Атышуу учурунда эки тараптын төрт жоокери каза тапкан.

Кабарда кыргыз аскеринин өлүмү фактысы боюнча «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылат.

Ошондой эле чек ара кызматынын аскерлери менен жергиликтүү тургундардын жарадар болушуна байланыштуу «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренеси боюнча, анын ичинде турак үйлөрдү, орто мектептин имаратын жана чек ара постун атууга байланыштуу да сотко чейинки өндүрүш башталды. Жалпысынан 13 кыргызстандык ар кандай оор деңгээлдеги жарааттарды алган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, ведомстволор аралык тергөө тобу Лейлей районунун ИИБнен, Баткен ОИИБнен жана Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасындагы «тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн» түзүлгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, тергөө тобу чек арадагы «Максат» постун, мектепти жана Максат айылынын тургундарынын үйлөрүн кароо иштерин өткөрүшкөн.

«Окуя болгон жерден алынган ок жана минанын залал келтирген элементтери боюнча сот экспертизалары дайындалды. Ок жана майда чычырандылар тийип жарадар болгон жабырлануучуларга, анын ичинде каза тапкан аскер кызматкерине карата сот медициналык экспертизалар дайындалды», — деп айтылат басма сөз кызматтын кабарында.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-августта курчуп кеткен. Атышуунун натыйжасында төрт чек ара кызматкери каза тапкан: кыргыз тарабынан бир чек арачы, тажик тарабынан бирөө. Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышууда.