Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөт башчылары чек ара чыры боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохиром Расулзода 17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында жолугушушту.

Эки мамлекеттин өкмөт башчылары чек арага чектеш райондордо чыңалууну басаңдатуу жөнүндө идеяны колдошуп, анын ичинде чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча маселени талкуулашты.

«Тараптар эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн чек арага чектеш райондордогу чыңалууну жоюу жана кырдаалды курчутууга жеткирбөө үчүн чараларды кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү ойлорун билдиришти», — деп айтылат Кыргызстандын өкмөтүнүн маалыматында.

Ошондой эле өкмөт башчылар жергиликтүү бийликке жана эки өлкөнүн чек арачыларына жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырышты.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-августта курчуп кеткен. Атышуунун натыйжасында кыргыз аскери каза таап, дагы 13 адам ар кандай оор деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми 17-сентябрда жарадар болгон 10 адам учак менен Бишкекке жеткирилген.

Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышууда. Тажик тарап 12 адам жарадар болгонун кабарлаган, бирок кийинчерээк тажик ЖМКлары чыр-чатак учурунда өлкөнүн үч аскер кызматкери каза тапканын жазып чыгышкан.