Кара-Суу районунда милиционер эки жашар кызын сабоого шектелүүдө

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан Кара-Суу РИИБнин аймактык милиционери эки жашар кызынын денесине залал келтирүүгө шектелип жатканын билдиришти. Шектүү тергөө амалдарынын жүрүшүндө жумуштан алынган.

«Укук бузууларга жол берген кызматкерлерге ички иштер органдарынын катарында иштөөгө жол берилбейт жана андай аракеттерди жасаган кызматкерлерге карата аёосуз күрөш жүргүзүлөт», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Окуя Кара-Суу районунун Мады айылында 2019-жылдын 31-май күнү орун алган. Милиционердин жубайы ошол эле күнү Ош шаардык милициясынын «Ак-Буура» бөлүмүнө арыз менен кайрылып, жолдошу кызын уруп, денесине жараат келтиргенин билдирген. Иш Кара-Суу райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине «Денеге залал келтирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Наристенин энесинин арызынын каралуу мөөнөтүн созуп жибергендери үчүн Кара-Суу РИИБнин жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчилерине тартиптик жаза берилди. Айрымдарына катуу сөгүш жарыяланып, кээ бирлери ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү», — деп билдирди «Клоопко» Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Аширбаев тергөө иштери аяктап иш сотко жөнөтүлүү алдында турганын кошумчалады.

18-сентябрда фейсбукка тасма жарыяланып, анда унаанын ичинде эркек киши жаш баланы сабап жатканы тартылган. Видеонун автору «урбаңыз, жаш бала да» деп айтканына карабастан, ал токмоктоону токтоткон эмес. Видеону коштогон түшүндүрмөдө болсо, «өз кызына кордук көрсөткөн милиция кызматкери жоопко тартылбай жатат» деп жазылган.