Жээнбеков кыймылдаткычы иштебей калган аба кемесин кондурган учкучту сыйлады

Президент Сооронбай Жээнбеков кыймылдаткычы иштебей калган учакты кондура алган учкуч Дмитрий Палашкинди «Эрдик» медалы менен сыйлады. Абада кыймылдаткычы иштебей калган учакта 96 жүргүнчү болгон. Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи «Ала-Арча» резиденциясында 19-сентябрда болуп өттү.

«Турмушта эрдик үчүн дайыма орун бар. Эрдик үчүн биринчи кезекте ички рух, адамдарга кам көрүү, катуу эрк керек», — деди президент.

Өлкө башчысы ошондой эле врачтарга, маданият ишмерлерине жана спортчуларга медалдарды тапшырды.

Палашкин башкарып бара жаткан учак 2018-жылы мартта шашылыш конуу жасаган.

https://twitter.com/bishkekchanka65/status/969504471272345600

Ал Бишкектен Баткенге учуп чыгып, бирок 30 мүнөт учуудан кийин аба кемесинин сол кыймылдаткычы иштебей калып, учак кайрадан «Манас» аэропортуна ийгиликтүү кондурулган.

Жалпысынан учактын бортунда 96 адам болгон, шашылыш конуу маалында эч ким жабыркаган эмес.