Атамбаевдин жансакчысы аны туулган күнү менен куттуктаганы үчүн УКМКдан айдалды — адвокат Жоошев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматындагы ишинен бошотулду. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев жазып чыкты.

Жоошевдин айтымында, Сагымбаевди Кадыр Атамбаев атасынын туулган күнүнө карата даярдаган чакан куттуктоо тасмасына тартылгандан кийин кызматынан бошотушкан.

«[...] 9-кызматтын ички тескемелерине ылайык, кызматкерлерге коомчулукка карата видео кайрылуу жасоого, журналисттерге комментарий берүүгө тыюу салынат. Бирок кимдир бирөөнү, анын ичинде видео аркылуу куттуктоого тыюу салынбайт», — деп билдирди адвокат.

УКМКнын басма сөз кызматынан «Клоопко» Сагымбаевдин бошотулушу боюнча маалыматка комментарий берүүдөн карманып коюшту. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов да кооментарийлер үчүн жектиликсиз болду.

Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө изоляторунда (ТИЗО) кармалууда. Ал бир нече иш боюнча тергелип жатат, анын ичинде коррупцияга байланыштуу да иш бар. Мурдагы президент 26-октябрга чейин камакта калтырылган.