Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батир белек кылды

Президент Сооронбай Жээнбеков кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону деген наамга ээ болгон биринчи кыргызстандык Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

«Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишээриңе ишенем», — деп билдирди Жээнбеков.

Мындан тышкары, өлкө башчысы Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековду да сыйлап, ал эми ата-энесине президенттин энчилүү сааттарын белек кылды.

Тыныбекова Казакстанда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунга ээ болуп, 2020-жылы өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Ал күрөш боюнча дүйнө чемпиону наамын алган Кыргызстандан чыккан биринчи адам болду.

Айсулуу Тыныбекова — күрөштүн эркин стилиндеги балбаны жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ал буга чейин Олимпиада оюндарына эки жолу катышып, бирок медал ала албай калган.