Бекешев мамкызматкерлерди калк менен сүйлөшүүдө сылык болууга үйрөтүүнү сунуштады

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев калкты кабыл алуу жайларында иштеген мамкызматкерлер үчүн этика сабагын өтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 26-сентябрда парламенттин жыйынында айтып чыкты.

«Тек гана ошолор калк менен көп байланышта болушат, ошолор гана нерв болушат [...] жана стресске алдырбоо маселеси да бар. Ошондуктан мен сабактарды негизинен ошолор үчүн [өтүүнү] сунуштагам», — деди депутат «Клоопко».

Ал мамкызматкерлерди оор абалдардан чыгууга үйрөтүүнү жана ар кандай категориядагы жарандар, мисалы социалдык жактан аярлуу адамдар менен сүйлөшүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү сунуштады.

Бекешев калкты тейлөө жайларындагы кызматкерлер «сылык-сыпайы болуп, жылмайып» туруулары керек деп эсептейт.