ЖКККБнын башчысынын орун басары ИИМди сотко берди. Ал кайгуул милициясынын тандоосунан өтпөй калган

Кайгуул кызматына жумушчуларды алуу боюнча тандоо комиссиясы ЖКККБнын башчысынын орун басары Мирлан Чалыбаев конкурстан өтпөй калгандыгы үчүн ИИМди сотко бергенин кабарлады.

Тандоо комиссиясынын төрагасы Тамирлан Ибраимовдун айтымында, Чалыбаев Кайгуул кызматынын башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлык кызматына эки жолу тапшырган, бирок комиссия бул кызматка ЖАМКта улук психолог болуп иштеген Жылдыз Ахмедгалиеваны тандаган.

Тандоо комиссиясынын мүчөсүнүн бири Азамат Акенеев «Клоопко» билдиргендей, Чалыбаев укуктары бузулган деп эсептегендиктен сотко берген.

«Ал бардык баскычтардан өткөн — ЖРТ тестин, физикалык тестти (аскер -врач комиссиясынын), интервьюну. Маектешүүдө ал жакшы көрсөткөн өзүн, болгону комиссия башка талапкер күчтүрөөк деп чечим кабыл алган. Тагыраагы ал тараптан кандайдыр бир ызы-чуу же доомат коюу болгон эмес», — деди Акенеев.

Комиссиянын мүчөсү бул учурду уникалдуу деп атады, анткени тандоо ачык жана таза өтөт — ушундай окуялар болбошу үчүн комиссия мүчөлөрү юристтер жана өкмөт менен кеңешип турушкан.

Акенеевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата кайгуул милициясына тандоонун эки толкуну болуп өтүп, штат 80% түзүлүп бүткөн. Анын айтуусу боюнча, кайгуул милициясы 1-октябрдан тарта Бишкектин Биринчи май районунда, андан кийин бүткүл шаар боюнча иштеп баштайт.

Комиссиянын башка мүчөсү Тимур Шайхутдинов комиссия ИИМдин өкүлдөрүнөн, ошондой эле жарандык активисттерден, коррупция менен күрөшүү жана жол коопсуздугу боюнча эксперттерден тураарын «Клоопко» кабарлады.

«Эгер конкурстук комиссия азыр саботажга жана ар кандай жолдор менен реформаны үзгүлтүккө учуратуу аракеттерине туш болсо, анда өкмөт кандайдыр бир нерсени аягына чейин жеткирүүдө алсыз экендигин мойнуна алат», — деди ал.

Жаңы кайгуул кызматы

Кайгуул кызматынын башкармалыгы — бул ички иштер органдарын реформалоо үчүн түзүлгөн жаңы орган. Ал Кайгуул посттук кызматы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын ордуна келет.

Кайгуул милициясынын негизги функциясына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кирет.

Май айында ЖКККББнын басма сөз кызматы жаңы бөлүмдүн кызматкерлеринин ыйгарым укуктары кеңейтилээрин кабарлаган. Алар кылмыштардын бетин ачып, калкка жардам көрсөтүп, 102 линиясында иштеп, жалпысынан коопсуздукту камсыздашат.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККМ) катардагы кызматкерлери 21-25 миң сомго чейин, офицердик кызматтагылар 30-35 миң сомго чейин маяна алышат. Ошондой эле, кызматкерлер иштөө үчүн зарыл шарттар менен камсыздандырылат: автоунаа, форма, шаймандар, бензин жана башка каражаттар.

Бул эсеп боюнча кайгуул милицияны реформалоонун бешинчи аракети.

Акыркы жолу ведомствонун атын 2017-жылы ошол маалдагы премьер-министр Сапар Исаков өзгөрткөн. Анда ведомство Кайгуул милициянын башкы башкармалыгынан (КМББ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзгөргөн.