Орок менен Жал айыл тургундарынын ортосунда чыр чыгып, эки киши октон жарадар болду

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы Орок менен Жал айыл тургундарынын ортосундагы чыр 29-сентябрь күнү кечинде болгонун маалымдады. Орок айылында үйлөнүү үлпөт тою өтүп жатканда Жал айылынын тургундары менен кайым айтышуу башталып кеткен.

Мындан кийин адамдардын ортосунда мушташ башталып, анын жүрүшүндө мушташка катышкандардын бири «аныкталбаган куралдан» ок чыгарган. 24.kg маалымат агенттиги кабарлагандай , эки жабырлануучу чачма октон жарадар болушкан. Дарыгерлер алардын абалын «канааттандыраарлык» деп баалоодо.

«Факт Ленин РИИБи тарабынан катталып, аймактыгы боюнча чогултулган материалдар учурда КЖБРге каттоо үчүн Сокулук РИИБне өткөрүлүү баскычында турат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Бул Орок айылында чыккан биринчи жаңжал эмес. Июнь айында айылдыктардын ортосунда чыккан чырдан улам 30га чукул адам кармалган. Тургундардын ортосунда жаңжалдын чыгышына намаздан кийин жаш өспүрүм балдардын мушташы себеп болгон. Орок айылында кыргыздар эле эмес, түрк-месхетиндер да жашашат.

Ал учурда чырды чечүү үчүн айылга милицияга гана эмес, спецназ, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Түркиянын элчиси Камил Фрат барган.