Соцөнүгүү министринин кеңешчиси «Азаттыктын» операторунун аракеттерин сынга алды

Социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоровдун кеңешчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбук барагында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумуновго кол салуу боюнча пикирин жарыялады. Орунбековдун айтымында, журналист «бирөөнүн жеке үйүнө уруксатсыз кирип, уруксатсыз жеке менчигин аңтарып, тарткан».

«Керек болсо сөз эркиндигин туу туткан, адам укуктарын кадырлаган Америкада дагы, кимдир бирөөнүн жеке үйүнө уруксатсыз кирсе [...] тартып жарыялоого аракет кылса — ит аткандай атып салат, — деп жазган ал.

Анын пикири боюнча, «куру сенсациянын артынан кууп», «бир объектти атайын жаман көрсөтүп» жүргөн журналисттердин сөз эркиндиги менен эч кандай байланышы жок.

«Силер шылтоо кылып каралап жаткан объект учурда мамлекеттик кызматта дагы иштебейт. Бийликте турбайт. [...] "Азаттык" радиосу чынында журналисттик этиканы сактаган, башкаларга үлгү көрсөтө алган жагынан алдыңкы орунда болчу. Бирок айрым кызматкерлери кээде "хайп" кылып жиберип жатат», — деп жазган Орунбеков.

Орунбеков билдирүүсүндө бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун фамилиясын бир да жолу атаган эмес, бирок ал так эле ошол тууралуу айтып жатканын божомолдоого болот.

Айбек Кулчумановго 28-сентябрда Ошто кол салышкан. «Азаттыктын» оператору журналисттик иликтөө үчүн бажынын мурдагы башчысы Райымбек Матраимовдун үйүнөн алыс эмес жерде дронго тасма тартып жүргөн.

Кулчумановго белгисиз төрт адам келип, күч колдонуу менен документтерин жана 1,5 млн сомдук жабдууларын тартып алышкан.

Кулчуманов милицияга арыз жазган. Кол салгандар да «Азаттыктын» журналистине карата арыз жазышкан. Милиция «Карактоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштап, операторго кол салгандар Матраимовдордун жакын адамдары экенин ырастаган.