Атамбаевдин тарапташтары 9-декабрга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райндук соту 30-сентябрь күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын баш коргоо чарасын узартты.

Президенттин аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов, парламенттин депутаты Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин башка тарапташтары Алга Кылычов, Фархад Баабиев 9-декабрга чейин камакта калтырылды.

Ирина Карамушкина үй камагында, ал эми башка айыпталып жаткандардын бардыгы ТИЗО-1де кармалышууда.

Мурдагы президенттин тарапташтары Атамбаев 8-августта өз эрки менен бийликтин колуна түшүп бергенден көп өтпөй кармалышкан. Мурдагы президент Кой-Таштагы үйүндө бир жарым күн бою күч органдарынан коргонуп жаткан.

Тергөө аларды «Адамды туткунга алууга» жана «Масаалык башаламандыктарды уюштурууга» шектеп жатат. Кой-Таштагы кагылыш учурунда УКМКнын спецназчыларынын кээ бирлери, тагыраагы 7-августта Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда туткунга түшүп калышкан.