«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго байланыштуу «акча опузалоо» иши кайрадан жанданды

«Азаттыктын» редакциясы 2-октябрда билдиргендей, Ош шаардык милициясы алардын журналисти Ыдырыс Исаковго карата мурда токтотулган «акча опузалоо» ишин кайрадан жандантты.

Оштун тургуну милицияга 30-сентябрда күбө катары эки кишини ээрчитип келип, жабылган иш боюнча кайрадан арыз жазган.

Ал арызында Исаков «мага 5000 доллар бербесең материалды интернетке чыгарам, болбосо «Лексус» машинеңди бересиң» деп опузалаганын билдирген.

Исаков өз дарегине коюлуп жаткан айыптоону «жалаа» деп атады. Анын айтымында, арызданып жаткан адам — «бизнесмен Жалил Атамбаевге иштеген милициянын мурдагы полковниги».

Буга чейин Исаков журналисттик иликтөө жүргүзүп, ишкер Атамбаевдин салыктарды жашырып жүргөндүгүн ачыктаган. Исаковдун материалынын жыйынтыгы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызмат кылмыш ишин козгогон.

2019-жылдын апрелинде милицияга Оштун тургунунан Исаковдун үстүнөн «акча опузалоо» боюнча арыз келип түшкөн. Иш далилдердин жетишсиздигинен улам жабылган.