Матраимовдун багбанынын мээси чайкалып, «Азаттыктын» оператору жаракат алган эмес — Ош ШИИБ

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» Руслан Матраимовдун багбаны Омат Абдыкадыр уулуна жана «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары чыкканын кабарлады.

Экспертизанын корутундусу боюнча башына дрон кулады делген Абдыкадыр уулунун мээси чайкалган, ал эми Матраимовдордун жакындары кол салган Кулчумановдун денесинде жаракат табылган жок.

«Кулчуманов Ош облусттук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө кайрылганда “баш мээсине жабык жаракат алган, баш мээси чайкалган” деген алдын ала диагноз коюлган. Бирок текшерүүдөн кийин коюлган диагноз тастыкталган эмес. Абдыкадыр уулу шаардык оорукананын нейротравматология бөлүмүнө кайрылганда, “баш мээсине жабык түрдө жаракат алган, баш мээси чайкалган жана денесине көптөгөн жараат алган” деген диагноз коюлган», — деди Сыдыков.

Айбек Кулчумановго 28-сентябрь күнү Ошто кол салышкан. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ишмердиги тууралуу кезектеги иликтөө үчүн дронго тасма тартып жүргөндө, төрт киши андан дрондун пульттун, видео жабдыктарды жана документтерди тартып алган.

Кол салгандар техникалык жабдыктардын бардыгын ошол эле күнү кечинде милицияга алып келип беришкен. Алар Кулчумановдун үстүнөн арыз жазышып, аны «жеке менчикке уруксатсыз кирүүгө» айыпташкан. Милиция журналисттерге кол салган кишилер — Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «жакындары» экенин маалымдаган. Кулчуманов да ага кол салуу фактысы боюнча арыз жазган.