Ош мэриясы шаар күнүн белгилөөгө бир млн сомдой акча жумшайт

Мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн кызматкери Эрлан Атабаев «Клоопко» маалымдагандай, 5-октябрда шаар күнүн белгилөө үчүн жергиликтүү бюджеттен бир миллион сомдон ашуун акча бөлүндү. Каражат маданий иш-чараларды өткөрүүгө сарпталат.

«Каражат Оштун борбордук аянтын майрамдык жасалгалоо үчүн, анын алкагында “Күз берекеси” айыл чарба жарманкесин өткөрүү үчүн бөлүнүп жатат», — деп түшүндүрдү Атабаев.

Кечки майрамдык концертке Өзбекстандан келген ырчылар да катышаары күтүлүүдө. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, алардын гонорары демөөрчүлөр тарабынан төлөнөт.

Эртең мененки саат 9да «Ак ниет» бульварынын ачылышы болот. Андан кийин борбордук аянтта гүл жана боорсок фестивалы, салбуурун оюндары өтөт. Ал эми кечки саат 18:30да Акматбек Сүйүмбаев стадионунда концерт башталат.

Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаары быйыл 3019 жылдыгын белгилейт. Ош Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири.