Жарандык алууга жардам берген кыргыз юристи БУУнун медалына татыды

Сүрөт: Азизбек Ашуровдун фейсбугунан алынды

Кыргызстандык юрист Азизбек Ашуров качкындарды коргогону үчүн Нансендин медалы менен сыйланды. Бул БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын сыйлыгы. Ашуров жарандыгы жок 10 миңден ашуун адамга документ алууга жардам берген.

БУУдан билдиришкендей, адамдар Советтер Союзу тарагандан кийин документсиз калышкан — алар ар кандай себептерге байланыштуу советтик паспортту Кыргызстандыкына алмаштыра албай калышкан. Ал жардам берген адамдардын арасында эки миңден ашуун бала бар — жаңы документтер менен алар билим ала алышат.

«Азизбек Ашуровдун окуясы — бул темирдей эрк менен чечкиндүүлүктүн окуясы. Анын ишке берилгендиги Кыргызстанда жарандысыздыктын ийгиликтүү жоюлушуна алып келген. Ага [бул иште] өкмөт жана өлкө боюнча көп адамдар жигердүү жардам берген. Шыктандыруу жана адамдарды жалпы ишке түртүү адамдын жөндөдүүлүгүнүн айкын үлгүсү ушул», — деп айтты качкындар иши боюнча Жогорку комиссар Филиппо Гранди.

Ашуров өзү да СССР таркагандан кийин жана Өзбекстандан Кыргызстанга көчүүдө жарандык алуу кыйынчылыгына тушуккан. 2003-жылы ал «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон — уюм жарандыгы жок адамдарга акысыз жардам берет.

«Адилетсиздикти көрүп турганда четте тура албайм. Жарандысыздык — бул адилетсиздик. Жарандыгы жок адамдарды бир да мамлекет тааныбайт. Алар [дүйнөдөн] өткөндөрдүн элестери сыяктуу. Физикалык жактан алар бар, ал эми кагазда — жок», - деди Ашуров.

Ашуровдун айтымында, алар алган сыйлык — «бул мамлекет үчүн да сыйлык», себеп дегенде «жарандыкты өлкө берет».

«Кыргызстан дүйнө мамлекеттеринин арасында биринчилерден болуп [жарандысыздык маселесин] көрүнөөрлүк азайтып, андан соң таптакыр эле өз аймагында жарандысыздык көйгөйүнөн арыла алган фактысы чоң жетишкендик болуп эсептелет. Ошол учурда бул процесске биздин жоро-жолдошторубуз, өнөктөш уюмдар жана юристтер жигердүү көмөк көрсөтүштү», — деп билдирди ал.

Нансендин сыйлыгы — БУУнун качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын ар жылдык укук коргоо жаатындагы сыйлыгы. Качкындар тармагында эмгек сиңиргени үчүн медаль 1954-жылдан бери, ал эми 1979-жылдан тарта лауреаттарга жүз миң доллар сыйлык берилип келет.

Бул сыйлыкка ээ болгон инсандардын арасында Нидерланддын мурдагы ханышасы Юлиана, опера ырчысы Лучано Паваротти жана башкалар бар.