«Инфокомдун» ыктымал экс-башчысы тендер боюнча 20 миң $ пара алганын мойнуна алды

«Инфокомдун» мурдагы башчысы Талант Абдуллаевдин ыктымал сурагы тартылган видео YouTubeда 7-октябрда жарыяланган. Видео кайда жана качан тартылганы белгисиз.

Тасмадан Абдуллаевге окшош киши Мамкаттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова менен эки жолу жолугушканын айтып берген.

«Биринчи жолугушуу 2018-жылдын декабрында өткөн, анда [Шаикова] “Garsu Pasaulis” компаниясын көрсөткөн бирөөлөр менен жолукканын билдирген. Бул жолугушууда ага электрондук паспорт боюнча тендердин алкагында ушул компаниянын кызыкчылыктарын сүрмөлөөгө жардам кылуу сунушталган», — деди ал.

Анын айтымында, экинчи жолку жолугушуу 2019-жылы январда Шаикованын «иш бөлмөсүндө» өткөн.

«Мага 20 миң АКШ доллары өткөрүлүп берилген. Акчаларды өткөрүп берүү биринчи жолугушуунун жыйынтыктары менен байланыштуу болгон, анда [Шаикова] өзүн “Garsu Pasaulis” компаниясынын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар менен жолугушканын эскерген», — деди ал.

Видеого монтаждык жабыштыруу да коюлуп, андан кийин ал киши билдиргендей, акчаны өткөрүп бергенден кийин Шаикова «бул Garsu Pasaulis компаниясынын кызыкчылыктарын сүрмөлөө боюнча биринчи жолугушуунун жыйынтыгы экенин айтып түшүндүргөн».

УКМКдан видеонун анытыгын «Клоопко» тастыктап бере алышпай, аны комитетке жөнөтүп коюуну суранышты. «Шаикова издөөдө. Азыр мурда козголгон иштин алкагында ыкчам издөө амалдары уланып жатат», — деп кабарлашты УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тендерди иликтөө

УКМК электрондук тышкы паспортторду жасоого байланыштуу тендердеги бузуулар тууралуу иликтөөнү үстүбүздөгү жылдын жазында баштаган.

Апрелде «Инфоком» мамишканасынын жетекчиси кармалган — анда тергөө ведомствонун жетекчиси Талант Абдуллаевди тышкы паспорттор үчүн бланктарды жасоо боюнча тендерди утуп алган Garsu Pasaulis компаниясы менен «аффилирленген» деп атаган. Ал май айында үй камагына коё берилген.

Кыргызстандын атайын кызматынын версиясы боюнча, Garsu Pasaulis атаанташтарына караганда 253 млн сомго көп сумманы сунуштаганына карабастан тендерди утуп алган.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын УКМКсынын айыптарын четке кагышкан — Garsu Pasaulisте айыптоолорду «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешип, «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп аташкан.

Ошондо эле МККнын башчысы Алина Шаикова тендер «өлкөнүн мыйзамына ылайык өткөн» деп билдирген. Бирок көп өтпөй ал бул ведомствонун башчылык кызматынан кеткен. УКМК август айында аны издөөгө жарыялаган.