ЖМКлар мэрдин унаасына жасалма номер тагылганын кабарлашты. Мэрия муну четке какты

Октябрдын башында айрым ЖМКлар Бишкектин мэри Азиз Суракматовго таандык «Лексус 570» унаасында жасалма номер тагылып турганын кабарлашкан.

Журналисттер мындай тыянакты 2018-жылы августта мэриянын алдында тартылган 01KG101AC мамлекеттик номерлүү «Лексустун» сүрөтүнүн негизинде чыгарышкан.

Алар бул номерди МККнын Carcheck электрондук базасынан текшерип, номер «Мерседес» Е420 автоунаасына катталганын аныкташкан. Мындан тышкары, порталдын маалыматы боюнча, «Мерседес» учурда камакка алынган же күрөөдө.

Мэриядан бул номер чындыгында эле «бузулган абалда гаражда» турган «Мерседес» Е240 унаасына катталганын тастыкташты «Клоопко». Мэриядан 01KG101AC номери 2019-жылы колдонулбаганын кошумчалашты.

Бирок шаар бийлиги эмне үчүн МККнын маалыматы боюнча мэрдин кызматтык унаасы камакка коюлганын же күрөөдө болгонун түшүндүрүп бере алышкан жок.

Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын айтымында, мамлекеттик номер Суракматовго ал мэр болуп шайлангандан кийин берилген. Номер «Лексуста» бир нече күн гана болгон.

2018-жылы августта кайгуул милициясы мэрдин айчоосуна алдыңкы айнекти караңгылатканы үчүн штраф салгандан кийин бул мамномер «Лексустан» чечилген болчу.

Азыр Суракматов кызматтык транспорт катары эки жеке автоунааны колдонот — «Лексус» 570 жана «БМВ» 750. Эки автоунаада тең бул машиналарга катталган номерлер орнотулган.

Кыргызстанда жасалма номерлүү автоунааны башкаруу үчүн жеке адамдарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып пул каралган.

Сентябрда ИИМ штрафты көбөйтүүнү сунуштаган. Эгер ИИМдин демилгеси колдоо таап, кабыл алына турган болсо, анда штраф 20 миңге чейин өсөт. Штрафты төлөбөй жүрүп алуу үчүн тартип бузуучуга кылмыш иши козголушу мүмкүн.