Интернетте тараган чуулуу тасма боюнча Garsu Pasaulisтин адвокаты УКМКны айыптады

Литванын Garsu Pasaulis компаниясынын Кыргызстандагы кызыкчылыктарын көрсөткөн адвокаты Бактыбек Жумашев «Инфокомдун» мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адам тартылган видеону «атайын уюштурулган» деп атады.

7-октябрда жарыяланган видеодо Абдуллаевге түспөлдөш адам электрондук тышкы паспортторду жасоо боюнча тендерде Garsu Pasaulisтин кызыкчылыктарын сүрөмөөлөө үчүн 20 миң доллар алганын мойнуна алган.

Адвокаттын айтымында, «тасманы сотко басым көрсөтүү үчүн кызыкдар адамдар менен УКМК уюштурган». Жумашев видео тергөө амалдарынын учурунда УКМКнын имаратында тартылган деп эсептейт.

Ал ошондой эле Garsu Pasaulisтин өкүлдөрү кимдир-бирөөгө акча каражаттарын бергенин четке какты.

«УКМКнын жооптуу адамдары өздөрүнүн аракеттери менен ЖПКнын кылмыш иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ачыкка чыгарылбашы керек деген талаптарын бузушту деп эсептейм. Мыйзам бузуу үчүн Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелери боюнча жоопкерчилик каралган», — деди адвокат.

Ал эми УКМКнын өзүнөн Жумашевдин билдирүүсүнө комментарий берүүдөн баш тартышып, видео тасманын жайылышына эч кандай тиешелери жоктугун айтышты.

«Биздин бул видеого тиешебиз жок. Азыр иликтөө уланып жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Тендерди иликтөө

УКМК электрондук тышкы паспортторду жасоого байланыштуу тендердеги бузуулар тууралуу иликтөөнү үстүбүздөгү жылдын жазында баштаган.

Апрелде «Инфоком» мамишканасынын жетекчиси кармалган — анда тергөө ведомствонун жетекчиси Талант Абдуллаевди тышкы паспорттор үчүн бланктарды жасоо боюнча тендерди утуп алган Garsu Pasaulis компаниясы менен «аффилирленген» деп атаган. Ал май айында үй камагына коё берилген.

Кыргызстандын атайын кызматынын версиясы боюнча, Garsu Pasaulis атаанташтарына караганда 253 млн сомго көп сумманы сунуштаганына карабастан тендерди утуп алган.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын УКМКсынын айыптарын четке кагышкан — Garsu Pasaulisте айыптоолорду «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешип, «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп аташкан.

Ошондо эле МККнын башчысы Алина Шаикова тендер «өлкөнүн мыйзамына ылайык өткөн» деп билдирген. Бирок көп өтпөй ал бул ведомствонун башчылык кызматынан кеткен. УКМК август айында аны издөөгө жарыялаган.