Мурдагы президенттин тарапкери Алга Кылычев Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 24.kg маалымат агенттигине Алга Кылычев Алмазбек Атамбаевге жана анын башка тарапкерлерине каршы көрсөтмө бергенин кабарлаган.

Адвокаттын пикири боюнча, тергөө Кылычев менен кызматташуу тууралуу келишим түзүп алган болушу мүмкүн.

«[Кылычевдин] айтымында, Алмазбек Атамбаев бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого ниеттенген имиш», — деди Жоошев.

Ошондой эле адвокат Кылычев КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана мурдагы президенттин жансакчысы болуп иштеген Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бергенин да кошумчалады.

Кундуз Жолдубаева K-News басылмасына курган маегинде Кылычевге «моралдык жана физикалык жактан кысым көрсөтүп коюшкан болушу мүмкүн» деп билдирген.

«Биз муну жокко чыгарбайбыз. Соңку беттештирүү учурунда Алга Кылычев абдан начар көрүнгөн. Ал сахар диабети жана бронхиалдык астма менен жабыркап келет», — деп билдирген Жолдубаева.

Укук коргоо органдары Алга Кылычевди 10-августта кармашкан. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү штурмга алынгандан кийин эки күн өткөн соң болгон.

Кылычев Атамбаев үйүндө отуруп алып, бийликтин колуна түшүп берүүдөн баш тартып жаткан маалда, 6-августтан тарта 8-августка чейин уланган Кой-Таштагы араздашууга жигердүү катышкан.

Тергөөчүлөр Кылычевди аскерлерди барымтага алууга шектелгендердин бири деп эсептешет — УКМКнын спецназынын алты кызматкери 7-августта Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда туткунга алынышкан.