Райымбек Матраимов Бишкекте футбол кечесине катышты — буга чейин агасы Түркияга кеткенин айткан

Материал 11:51де жаңыртылды.

Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 7-октябрда Бишкекте болуп өткөн футбол кечесине келген коноктордун арасында байкалган. Матраимов футболчулар менен учурашып, алар менен кошо сүрөткө түшкөн.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов «Марал» басылмасына билдиргендей, Матраимов «өлкөдө футболдун өнүгүшүнө өз салымын кошуп жатат», ошондуктан ал иш-чарага чакырылган.

«Анын “EREM” командасы үч жолу удаасы менен футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасын утту. Клубдар арасында Азия чемпионатына катышып, мыкты сегиз командага кирди. Спорт саясаттан алыс болушу керек», — деп айтты Маматов.

Матраимовдордун үй-бүлөсү бир нече ирет спорт иш-чараларды өткөрүүнү демөөрчүлөп келген. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын май айында Кара-Суу районунда спорттук турнир өтүп, ага парламенттин спикери Дастан Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана депутаттар барышкан.

Буга чейин анын агасы жана парламенттин депутаты Искендер Матраимов Райымга Түркиянын ири компаниясынын вице-президенттик кызматын сунушташканын билдирген. Парламентарий өзүнүн акыркы интервьюсунда Райымбек Матраимов «Түркияга жумуштап кеткенин» да билдирген болчу.

Райымбек Матраимовго болгон коомдук кызыгуу

2017-жылы февралда «Азаттыктын» журналисттери Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкү тууралуу иликтөө чыгарышкан. Матраимовдон жана анын жакындарынан кыймылсыз мүлк, бизнес жана башка активдер табылган. Ошол эле маалда Матраимовдун бир жылдык расмий кирешеси 8,5 миң доллардан бир аз ашыгыраак сумманы түзүп турган.

Матраимов 2017-жылы күзүндө бажы башчысынын орун басарлык кызматынан бошотулган, бирок 2019-жылы Жогорку сот бул чечимди жокко чыгарган.

Матраимовдор мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашууга бирден бир себепкер болгон. Ал учурда Атамбаев Жээнбековдун антикоррупциялык чараларын сынга алып, президенттин «достугунда Райым-миллион болбошу керек» деп айткан.

Ошондой эле Атамбаев Матраимовдордун үй-бүлөсү 2017-жылы президенттик өнөктүк учурунда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылаганын кыйыткан.

Матраимовдордун үй-бүлөсү өлкөдөгү эң бай жана эң таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири деп саналат. Жазында «Азаттыктын» журналисттери Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө чыгарышып, буга Матраимовдорду үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн деп билдиришкен.

Ал учурда депутат Искендер Матраимов иликтөөнү «буйрутма» деп атам, журналисттердин жүйөөлөрүн четке каккан. Январда финпол Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган, бирок анын жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.