Улуттук банк «Акчамат» терминалдарынын ишин токтотту

Бишкекте августтун орто ченинен баштап «Акчамат» терминалдары ишке кирген. Терминал аркылуу 30 секунд аралыгында акча каражатын карызга алуу мүмкүн эле. Ал үчүн насыя алуучу паспортун жана кол манжаларынын изин сканерлеши гана жетиштүү болгон. Кыска мөөнөттүү насыялар 10 күнгө чейин берилген.

«Кыска мөөнөттүү насыялар — паспорт жана кол манжаларын сканерден өткөрөсүң … 10 күнгө 1000 сом, кайра 1300 [сом] кайтарасың. Кезек таң калаарлык — жаш балдар», — деп жазган твиттердин колдонуучуларынын бири.

Кыргызстандын Улуттук банкынын басма сөз кызматы терминалдар кредитти уруксат кагаздары жок берип жатканын билдиришти.

«Тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылуу жөнөтүлдү. Анткени жарандардын жеке маалыматынын башка бирөөгө өтүп кетиши жана жоголушу боюнча кооптонуулар бар», — деп жазылган банктын пресс-релизинде.

Бишкек боюнча жалпысынан 12 терминал иштеп жаткан. Алардын үчөөнүн иши токтотулуп, калгандары «берилген карыздарды кайтаруу» абалында ишин улантууда. «Акчаматтардын» кызматын канча адам пайдаланганы азырынча белгисиз.

«Акчамат» компаниясынын байланыш бөлүмүнөн терминалдардын иши токтотулганын тастыкташты. Бирок кеңири маалымат берүүнү каалашкан жок.