Кеминде 28 жаштагы киши мурдагы аялын зордуктоого шектелүүдө

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кеминдин милициясы мурдагы аялын зордуктоого шектелген 28 жаштагы кишиге карата иликтөөнү баштады. Жабыркаган аял 5-октябрда милицияга арыз жазып кайрылган.

«БеспределKG» фейсбук барагында 9-октябрь күнү пост жарыяланган, анын автору зордуктоого шектүү жергиликтүү милициянын начальнигинин жакын досу экенин билдирген.

«Тергөөчүнүн аты Маматбеков Рустам. Ал [шектүүнү] кармоого тергөө тапшырмасын бергенин айтууда. Бирок аны кармашкан эмес, анткени ал Азиз аттуу [милициянын] башчысынын досу болот жана аны башка кызматкерлер калкалап жатышат», — деп жазган посттун автору.

Ал эми Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынан интернетте жарык көргөн маалыматты кызматтык текшерүү башталганын билдиришти «Клоопко».

«9-октябрьда тергөө тапшырмасына ылайык милиция кызматкерлери тарабынан [шектүү] Кемин РИИБне алынып келинген. Азыркы учурда ал болуп өткөн окуянын фактысы боюнча көрсөтмө берүү үчүн Тергөө кызматынын өкүлдөрүндө», — деп кошумчалашты басма сөз кызматтан.