Эл аралык донорлор Бишкек жана Ошто 20 мектептин курулушуна акча бөлүштү

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ведомство Эл аралык финансылык (IFC) корпорациясы менен Бишкек жана Ошто 20 мектеп куруу келишимине кол коюшкан.

«Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Долбоордун ишке ашуусуна кеткен каражатты IFC эл аралык каржылык корпорациясы берет», — деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан азырынча Бишкекте так кесе канча, Ошто канча мектеп курулаары так белгисиз экенин «Клоопко» кабарлашты. Жаңы окуу жайлары кайсы райондорго салынаары да белгисиз.

Министрликтин маалыматына ылайык, финансылык корпорация алты айдын ичинде курулушка керектелүүчү документтердин бардыгын даярдашы керек.

«Билим берүү жана илим министри бул долбоорду колдоорун жана жумушту тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди», — деп кошумчалашты басма сөз кызматтан.

Азыркы учурда Кыргызстанда 2200 мектеп бар, алардын ичинен 139у Бишкекте, 61 мектеп Ошто жайгашкан жана 190 мектеп авариялык абалда.

Мындан тышкары, өлкөдөдө мектептердин ашыкча толгону боюнча маселе бар — мисалы, Бишкектеги №29 гимназия 627% пайызга ашыкча толгон — анда 500 баланын ордуна 3600дөн ашуун окуучу билим алат.

IFC — бул Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт.