Милиция жашы жете элек кызды зордуктоого аракеттенген кишини издей баштады — Кант

Чүй ОИИББинен билдиришкендей, укук коргоо органдары шектүүнүн өздүгүн аныктап издөөгө жарыялашкан.

«Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды», — деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Милицияга жабыркаган кыздын апасы кайрылып, жашы жете элек кызын билгисиз киши Кант шаарындагы батирлердин биринин кирмесинде зордуктоого аракет кылганын айткан.

Жабыркаган кыз өзү 8-октябрь күнү Инстаграм барагында эртең менен белгисиз адам зордуктоого аракет кылып, өлтүрөм деп коркутканын жазган.

«Ал колуман кармап алып, кирмеге сүйрөп кирүүгө аракет кылды. Колумдан келишинче каршылык көрсөтүп, алымдын жетишинче кыйкыра баштадым. Ал кирмеге алып кирип эшикти жаап коркутту», — деген ал.

Ошондой эле жабыркаган кыз апасын мектепке маектешүүгө чакырышканын, ал жактан мугалимдер аны «уят-сыйытсыз көрсөтүүгө аракет кылышканын» айтып берген.

«Мен өзүмдү жеңил-желпи, форма кийбей боёнуп жүрөт деп айтышкан. Апама түз эле мени күнөөлүү, биздин тиешебиз жок дешкен. Менин айыман түшүнүк кат жаздык деп арызданышууда», — деп жазган ал.

«Клооптун» журналистине кыз №4 мектеп-гимназиясында окуганын тастыктап берди. Материал жарык көрөөр алдында окуу жайдын жетекчилиги менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Кыз өзүнүн постунда кошумчалагандай, эжеси менен милицияга кайрылган учурда андан «жалган маалымат таратпоону» суранып, шектүү колго түшүрүлгөнүн айтышкан. Бирок Чүй ОИИББинен «мындай факт болбогонун» билдиришти.