Атамбаев Батукаевдин ишин кароо боюнча сотко келүүдөн баш тартты

Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёв кабарлады. Анын айтымында, Атамбаев «бийлик сунуштаган оюнга катышуудан баш тарткан». Сот отуруму 14-октябрга жылдырылды.

Биринчи май райондук сотунун отурумуна мурдагы башкы прокурорлор Индира Жолдубаева менен Аида Салянова да келишкен — алар 2013-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште фигурант катары өтүшүүдө.

Батукаевди лейкоз тууралуу медициналык аныктаманын негизинде бошотушкан. Кийинчерээк документ жасалма экендиги аныкталган.

Жолдубаева журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты, ал эми Салянова болсо Батукаевдин бошотулушуна тиешеси жок болгон бир нече суроолорго жооп берди.

Батукаевдин иши

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча айыптар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге жана гемотология борборунун мурдагы башчысы Абдухалим Раимжановго тагылууда.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат, алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, Мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

Кыргызстандын бийлиги Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жагдайды кайрадан 2019-жылдын жаз айларында иликтеп башташты. Бул Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууга жана кол тийбестик боюнча артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болду.