«Эйр Манас» авиакомпаниясынын каттамдары качан жанданаары белгисиз

Kyrgyz Concept туристтик агенттиги 6-октябрда «Эйр Манас» авиакомпаниясы 31-октябрга чейин Бишкектен Ошко, кайра Оштон Бишкекке карай каттамдарынын бардыгын жойгонун кабарлады.

Kyrgyz Conceptтин маалыматына караганда, каттамдарды жоюу «серсердеги брондоо системаларында техникалык иштерди жүргүзүү» менен байланыштуу.

Бирок агенттиктен 11-октябрда бул маалыматты алар «Эйр Манастан» кат түрүндө алашыканын жана маалымат 6-октябрга карата гана актуалдуу болгонун «Клоопко» билдиришти. Кийинчерээк маектешүүдөн кийин маалымат туристтик фирманын Инстаграм профилинен өчүрүлгөн.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, авиакомпаниянын каттамдары учактын тетиги жок болгондуктан жоюулган. «Эйр Манаста» болгону бир эле учак бар.

«Тетик АКШдан “Боингдин” заводунан алынып келинет. Ошого байланыштуу алып келүү жана учактын кемчилигин оңдоп баштоо үчүн бир нече күн талап кылынат», — деп билдиришти ведомстводон.

«Эйр Манас» Бишкек — Ош жана Ош — Бишкек каттамдарын 9-октябрдан тарта «техникалык себептер» боюнча токтото баштаган. Андан соң авиакомпания каттамдарын жоюуп атканын 10-11-октябрда да кабарлаган. Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналистинин комментарий алуу үчүн «Эйр Манас» менен байланышууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.

«Эйр Манастан» тышкары Кыргызстанда Бишкек — Ош багыты боюнча учууларды эки авиакомпанияга гана аткарат — Tez Jet жана «Авиа Траффик».