Мамбеталиев Баткендеги милиционерлер менен чек арачыларга эки жолтандабас белекке бергенин тастыктады

Алмазбек Атамбаевдин экс-жансакчысы Эркин Мамбеталиев «Азаттык» үналгысына Баткен облусундагы милиционерлер менен чек ара кызматкерлерине эки Chevrolet Suburban унаасын белек кылганын тастыктады.

«Чек арадагы кырдаалды көрүп жатасыңар. Ошого байланыштуу чын жүрөктөн белек кылгам. Бирин Мамлекеттик чек ара кызматына, бирин ИИМге караштуу ички аскерлер бөлүмүнө бергем. [...] Муну пиар деле кылгыбыз келген эмес. Интернетке эмне болуп чыгып кеткенин да билбейм. Мен ал жерден чай да ичкен эмесмин. Бердик, бата сурап эле чыгып кеткенбиз», — деп түшүндүргөн Мамбеталиев.

Ал эгерде автоунааларды алып кет деп айтышса, жолтадабастарды кайрымдуулук максатында башка бир иштерге берээрин кошумчалаган.

Vesti.kg басылмасына курган маекгинде болсо, Мамбеталиев эки жиптин ар бирин 2012-жылы 63 миң еврого сатып алганын билдирген. Анын айтымында, башында автоунаа ак түстө болгон, бирок «коопсуздук максатында» күрөң-жашылга боёгон.

ИИМдин басма сөз кызматы жип алуу фактысын кайрадан жокко чыгарды. Чек ара кызматынан интернетте тараган тасмада алардын кызматкерлери жок болгонун жана жолтандабас алышпаганын билдиришти.

Социалдык тармактарда 9-октябрда Эркин Мамбеталиев эки аскер формачан кишиге жолтандабастын ачкычтарын берип жатканы тартылган видео жарыяланган.

ИИМден Мамбеталиев жолтандабас белек кылгандыгы тууралуу маалыматты «жалган» деп аташкан. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, бул эки жолтандабас «Баткен облусунун Кадамжай районунун кайгуул кызматы тарабынан алдыңкы айнектери караңгылатылгандыгы үчүн токтотулган». Милиция кызматкерлери протокол түзүп, унаа ээсине штраф салышкан. Кийинчерээк бул тууралуу пресс-релиз сайттан өчүрүлгөн.

Андан кийин Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки жолтандабасты Кадамжай РИИБинин короосуна 7-октябрь күнү кечке маал алып келишкенин «Клоопко» айтып берген. Анын айтымында, ал автоунааларды милиция бөлүмүнө эмне үчүн алып келишкенин билген эмес.

Мамбеталиев деген ким?

Мамбеталиев 2005-жылга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Аны кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен байланыштырышат.

«Азаттык» үналгысынын маалыматына караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп эсептелет. Мамбеталиев 2005-жылы сегиз адамды өлтүрүүгө шектелип, сот аны үч адамды өлтүрүү катыштыгы бар деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан.

Мамбеталиевдин туугандары менен адвокаттары анын күнөөсү жоктугун айтышып, 2010-жылы бул иш жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралган. Ал иш кайра каралгандан кийин коё берилген.