Атамбаевдин иши: Ишкер Пархати кармалып, эч жакка кетпөө тууралуу тил каты менен коё берилди

«АКИpress» басылмасы Биринчи май райондук сотуна таянып 14-октябрда ишкер Субихи Пархати кармалганын жана эч жакка кетпөө тууралуу тил каты менен коё берилгенин маалымдаган. Пархати Алмазбек Атамбаевге байланыштуу иш боюнча шектелүүдө — мурдагы президент Пархати аркылуу бир катар ишканаларга ээлик кылган делген.

«Биринчи май райондук сотуна Аскер прокуратурасынын Пархатинин кармалышын негиздүү жана мыйзамдуу деп таануу, анын ичинде эч жакка кетпөө түрүндө баш коргоо чарасын кабыл алуу боюнча ходатайство түшкөн. Кайрылуу толук түрдө канааттандырылган», — деп билдиришкен соттон басылмага.

Пархати «Кылмышка шериктеш болуу», «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» жана «Коррупция» боюнча шектелүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы декларациясында Субихи Пархатиден 54 млн сом киреше түшкөнүн көрсөткөн.

Атамбаев президент болбой калгандан кийин депутат Канатбек Исаев парламентарийлерди Атамбаевдин президенттик учурундагы аракеттерине баа берүүгө чакырган. Исаевдин кайрылуусунан Пархати Атамбаевден «Форум» имаратын сатып алганы белгилүү болгон.

Ошондой эле эл өкүлү Атамбаев Пархати аркылуу «Хуасинь», «Терексай Жаштары», «Бизниснур», «АКА Петролеум» жана «АКА Инвест» компанияларына ээлик кылган деп божомолдогон.

Исаевдин пардаментте айткандарынан кийин дароо Атамбаевге карата бир нече айыптарды көтөрүп чыккан комиссия түзүлгөн. Бул айыптардын бир бөлүгү, анын ичинде Пархатиге байланыштуу кейсти Башкы прокуратура колдоп, бул Атамбаевди экс-президенттик макамдан жана кол тийбестиктен ажыратууга себеп болуп калган.

«АКА Петролеум» жана «АКА Инвест» компаниялары «Азаттыктын» 700 млн доллардын чыгарылып кетиши тууралуу иликтөөсүндө да аталган. Журналисттер бул компанияларды Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырган. Ушул компаниялардын бири Huawei менен кошо «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырыш керек эле, бирок кийинчерээк келишим жокко чыгарылган.