Батукаевдин иши: Аида Салянова мурдагы президентке каршы көрсөтмө бергенин айтты

Бул тууралуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова журналисттерге 15-октябрда кабарлаган.

«Жалпылап айта турган болсом, ал киши [Алмазбек Атамбаев] [Батукаевди бошотуу тууралуу] көрсөтмө бергенин өзүнүн оозунан билем. Мен ошону [тергөөгө] айтып бердим», — деди ал.

Ал кайрадан Батукаевдин абактан бошотулушуна эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. Салянова — бул кылмыш иши боюнча фигурант. Ал тергөө абагына киргизилген болчу, бирок 15-августта кайра бошотулган — Салянова тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Бирок мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Салянованын айткандарын четке кагып, «тергөөнүн жүрүшүндө айыпталып жаткандардын бирөөсү да Атамбаевге каршы көрсөтмө бербегенин» билдирди.

«Аида Салянова да “Атамбаев кандайдыр бир кылмыш кылды” деген көрсөтмө берген эмес», — деп келтирет Жоошевдин айткандарын «Азаттык».

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Мурдагы президент — бул иш боюнча айыпталып жаткан төрт адамдын бири. Атамбаевден тышкары, айып корутундулары мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ЖАМКтын башчысынын экс-кеңешчиси Каныбек Качкыналиевге жана врач гематолог Абдухалим Раимжановго тапшырылган.

Атамбаев ИИМдин сурагына келүүдөн үч жолу баш тартып, андан соң укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан күч менен кармалкан. Ошол эле маалда мурдагы президент Кой-Таштагы үйүндө бир жарым күн кармоого каршылык көрсөтүп коргонгон. Атайын операция учурунда УКМКнын бир аскери каза таап, 100гө чукул адам жарадар болгон.