Кара-Сууда архитектура кызматкерлери жетекчисине каршы митингге чыгышты

Архитектура башкармалыгынын 60тан ашуун кызматкери 15-октябрда иш таштады. Митингчилер ведомствонун жетекчилиги тарабынан «негизсиз акча топтоолор» болуп атканын билдиришип, «жумушчуларга карата орой мамиле» жасалып атканын айтып нааразы болушкан.

Материал саат 16:52де жаңыртылды

Митингге чыккан кызматкерлер «Turmush» басылмасына соңку жылы мурдагы жетекчи кеткенден кийин «бир катар коррупциялык көрүнүштөргө» күбө болушканын билдиришкен.

«1000 долларга чейин акча берген кызматкерлер бар. Аны ачык айтууга да даярбыз», — деп билдиришкен алар.

Алардын айтымында, июнь айында райондук администрацияга арызданып кайрылышкан. Аны беш ай бою архитектура жана курулуш мамагенттиги караган. Бирок натыйжада жумушка мурдагы эле жетекчилик кайтып келген.

«Бизге белгилүү болгондой, мыйзам боюнча, бизди комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен тааныштыруулары керек эле. Кызматкерлердин арасында жетекчиликти колдогондор да бар. Бирок алар болгону беш адам, калгандарынын бардыгы сын айтып жатышат», — деп кабарлашкан митингчилер.

Кара-Суу районунун архитектура башкармалыгынын башчысы Марат Шарипов «эгер кызматкерлери аны менен иштеше алышпаса отставкага кетүүгө даяр экенин» билдирди 16-октябрда.

«Эми жетекчи болгондон кийин кол астыңда иштегендерге бирде катуу айтып, бирде жумшак айтат экенсиң. Бул жумуш учурундагы туура эмес кадамдар үчүн талаптар деп билем. Мен жетекчи болуп келгенден бери тартип орнотулду деп айта алам», — деди ал.

Шарипов кызматкерлерден 1000 доллар чогултулуп жатат делген маалыматты тийиштүү органдар текшериши керектигин кошумчалады.