«Мен кудаймын». Дин иштери боюнча комиссия Арстан Алайдын айткандарын текшерет

Депутат Улугбек Ормонов 16-октябрда парламентте коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өзүн «кудай» деп жарыялаганы боюнча маселени көтөрдү. Бул учурда эл өкүлдөрү «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар» жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатышкан.

«Эмнеге алар [теңирчилер] «мен кудаймын», «теңирчимин» деп жар салышат? Алар кандай жазага тартылат? Ким жооп берет?», — деп суроо салды Ормонов.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Зайырбек Эргешов маалымдагандай, өзүн кудаймын деген Алайдын сөздөрү текшерүүгө жөнөтүлдү.

«Өзүн кудаймын деп кыйкырган адамга карата материалдар экпертизага жөнөтүлгөн. Анын башка да айткандары текшерилип жатат. Ошонун жыйынтыгында атайын чаралар көрүлөт», — деди Эргешов.

ИИМдин башчысынын орун басары Мирлан Каниметов мындай сөздөрдү экстримизм же улуттар аралык кастыкты козутуу багытында айтылган деп эсептегенге болбойт деген жооп айтты.

«Бул боюнча экспертизанын чечими жок. Жоопко тарта албайбыз», — деди Каниметов.

Арстан Алай — теңирчи. Теңирчилик — бул байыркы түрк жана монгол элдеринин асманга сыйынуу менен байланышкан комплекстүү дини. Теңирчиликти туткандар бийликтен бир нече жолу агымын дин катары таанууну талап кылышкан. Бирок алардын талабы ушул убакытка чейин аткарыла элек.

Ал 30-август күнү Бишкектеги басма сөз жыйынында өзүнү кудай деп жарыялаган. Арстан Алайдын айтымында, аалам аны Кыргызстандын 2020-жылдагы президенти деп бекиткен.