Сот Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу ишти жабык режимде карайт

Мурдагы президент жана ушул иш боюнча башкы айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Биринчи май райсоту мындай чечимди 16-октябрда чыгарганын билдирди.

«Азиз Батукаев боюнча иш сот тарабынан жабык режимде каралат, тагыраагы эч кимди киргизишпейт. Коомчулуктан эмнени жашырып жатышат?» — деп суроо салат адвокат.

Жоошев «Азаттыкка» курган маегинде билдиргендей, иш боюнча биринчи отурум 15-ноябрда Биринчи май райсотунда өтөт.

«Негизинен иштин материалдарында сырдуу эч нерсе жок. Менин оюмча, коомчулукка бардык материалдарда айыпталуучулардын күнөөлүлүгүнүн далилдери бар кылып көрсөтүү максатында бүт процессти жабык режимде өткөрүү үчүн томдордун бирөөсүн жашырын кылышкан», — деди ал.

Мурдараак сот кылмыш ишинин 27 томун ачыкка чыгаруудан баш тарткан. Анда Атамбаев менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун жана экс башкы прокурор Аида Салянованын ортосундагы беттештирүүнүн протоколдору бар.

Коргоо жабык сот процесси тууралуу чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна даттанат.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат. Алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуунун үчөөнө тең келбей койгон.

Натыйжада күч түзүмдөрү Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин колго түшүп берген. Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында 31-октябрга чейин калтырылган.